Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн Корумду айылындагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 8 киши жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдүн Корумду айылындагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 8 киши жабыркады

Ысык-Көл районунун Корумду айылында 16-августта саат 00:47 чамасында “Subaru Forester”, “Аudi A6” жана “Mazda-626” үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам ооруканада каза болгон. Алар 1990-жылы туулган бала К у А. жана 2001-жылы туулган Эркеайым. Андан башка 8 адам, 5 аял жана 3 эркек ар кандай жаракат алган (5 аял: 1989-ж.т. Б.М., 1993-ж.т. Ж. кызы М., 1997-ж.т. Б.А., 1995-ж.т. Т.П., 1982-ж.т. Динара, 3 эркек: 1991-ж.т. Ж.И., 1997-ж.т. К у У., 1992-ж.т. Э у А.).

Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилинген. Жерине №31 ӨКБдан 3 куткаруучусу тартылган.