Жаңылыктар
“Центерра” кендин ишине тоскоолдук кыла албайт
Кыргызстан жаңылыктары
“Центерра” кендин ишине тоскоолдук кыла албайт

“Центтерра” өзүнүн жеке кызыкчылыктары кенде иштеген миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүнөн өйдө тураарын 15-май күнү далилдеди. "Кумтөр Голд Компанинин" жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк билдиргендей, "Центерра" кечээ күнү мөңгүлөрдүн жана бош тоо тектеринин жылышын көзөмөлдөгөн системаны өчүрүп, "Кумтөрдөгү" 4 миң жумушчунун өмүрүнө коркунуч келтирди.

Ошондой эле "Кумтөрдүн" баардык кызматкерлерин глобалдык маалымат системасынан ажыратып салышкан. “Центерра” кендин ишине канчалык бут тосууга аракет кылбасын, бүгүн “Кумтөр Голд Компани” толук кандуу иштеп жатат. “Биз азыр мурдагыдан да бирдиктүү, мурдагыдан да күчтүүбүз” - дейт Теңиз Бөлтүрүк.