Жаңылыктар
Өлкө биринчи жарым жылдыкта малдын 541,9 тонна ичеги-карынын чет мамлекетке экспорттоду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө биринчи жарым жылдыкта малдын 541,9 тонна ичеги-карынын чет мамлекетке экспорттоду

Өлкө биринчи жарым жылдыкта малдын 541,9 тонна ичеги-карынын чет мамлекетке саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылды. Мекеме "малдын ич эти" товардык номенклатурасы боюнча маалымат берди. 

Алар жалпысынан 502,7 миң долларга бааланды. Кыргызстандан ичеги-карын алган мамлекеттердин эң көбү Гонконг. Кытайдын аймактык районуна жарым жылда 360,7 тонна экспорттолду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 266,2 тонна алышкан. Вьетнамга — 84 тонна, Түркияга - 77,4 тонна сатылган. Ошондой эле Египет - 19,8 тонна малдын ич этин сатып алган.

Былтыр ушул жылы 402,4 миң долларга 550,6 тонна ич эт экспорттолгон. Мында Гонконг менен Түркия көп сатып алып баштаса, Вьетнамга, тескерисинче, аз жиберилген. Ал эми Египет жаңы кардардын катарын толуктады, Мьянма такыр эле албай калган.