Жаңылыктар
Кыргызстанда коронавирус 332 адамдан аныкталып, жети бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда коронавирус 332 адамдан аныкталып, жети бейтап каза болду

Кыргызстанда коронавирус 332 адамдан аныкталып, жети бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 150, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 30, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 36, Баткен облусунда – 24 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 676 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 125 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 328 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 090 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 162 миң 780 киши айыгып чыкса, 2 миң 446 адам каза болду.