Кыргызстан менен Россиянын эриш- аркак жылынын алкагында, Кыргызстанда Россия Федерациясынын маданият күндөрү өтүүдө. Орус элинин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталган иш-чара 14-августка чейин уланат. Бүгүн улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган "Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу" көргөзмөсү жана Санкт -Петербург метрополинин дин кызматкерлеринин хорунун концерти өтөт. Ал эми, 14 –август күнү ушул эле концерт Кант шаарында болот.
Кыргызстан менен Россиянын эриш- аркак жылынын алкагында, Россия Федерациясынын маданият күндөрүнүн расмий ачылышы Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтүп, салтанаттуу иш-чараны Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилова жана өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып берди. Министр өз сөзүндө, эки эл руханий жактан абдан окшош экенин жана жакын мамилелер бириктирип турарын билдирди. Ал эми орус делегациясын жетектеген Ольга Ярилова эки тарап китепкана, музей, билим берүү жана киноиндустрия тармагындагы кызматташтыкты талкуулай турганын белгиледи.
Алгач иш-чарага келгендер орус элинин кол өнөрчүлүгүнүн уникалдуу көргөзмөсүнө күбө болушту. Андан соң филармониянын чоң залында "Фольклор -Россиянын жаны" аттуу концерти болду. Анда Зарни Ёль, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашева чыгармаларын тартуулады.
Маданият –эки элдин достугун чыңдай турчу көпүрө. Демек эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгын байланыштырып турган бул – маданият. Орус элинин көөнөргүс маданий мурастарын көрүүгө келген шаар тургундары “Домино” элдик аспаптар ансамблинин өзгөчө талантына, жаныбарлар менен канаттуулардын үндөрүн дал өзүндөй кубулжутуп сайраган Чылтыс Таннагашеванын музыкалык чыгармасына күбө болушту.