Компания тарабынан салыктар төлөнүп, бюджетке башка чегерүүлөр боюнча бардык милдеттенмелер аткарылууда. Кызматкерлер эмгек акысын өз убагында алыпт жатышат. Компания товарларды, жумуштарды жана тейлөөлөрдү аткарып жеткирүүчү уюмдар менен дээрлик толук эсептешти.
Кыргызстанда эң ири алтын кени деп эсептелген Кумтөр 30 жылдан бери мамлекетти гана эмес, бир катар шылуундар тобун да байытты. Канадалык “Центерра” компаниясы млдрддаган доллар пайда көрүп гана тим болбостон, кенди жырткычтык менен казып, өлкө жаратылышына эбегейсиз зыян келтирген. Кенди казып баштаган убакыттан бери “Центерра” Кумтөрдөн 14 млрд доллар пайда көрүп, чейрек кылым ичинде Кыргызстанга арзыбаган гана бөлүгүн берип турушкан. Кумтөр долбоорунда ири коррупция, алдамчылык болгонун мурунку өлкө башчысы Аскар Акаев дагы жакында эле моюнуна алды.
“Центерранын” топ менеджерлери кандай жол менен болсо да кендин ишин токтотуп, өздөрүнө ылайыктуу келишимге кол коюуга кыргыз бийлигин көндүрөбүз деп ойлошкон. 2021-жылдын июнь айынан баштап, алар баардык ири, өзгөчө чет элдик товар жана кызмат көрсөтүүлөргө катары менен каттарды жиберип, кызматташууну бир тараптуу токтотконун эскертишкен.
Ошентип “Кыргызстан кенди өз алдынча иштете албайт, алтын өндүрүлбөй кыргыз экономикасы кыйрайт,”-деген “Центерранын” тилеги таш капты. Кумтөрдүн убактылуу сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн жетекчилиги менен Кумтөр кадимки штаттык режимде иштеп, мамлекет алдындагы жана кызматкерлер алдында дагы баардык милдеттерин толугу менен аткарууда.
Убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатыпт алуудагы ачык, айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулууда. Компаниядагы мурдагы келишимдер дагы тыкыр текшерүүгө алынып, коррупциялык схемалар жок кылынууда. Эң негизгиси учурда кендин ишмердүүлүгү үчүн керектүү болгон бардык материалдардын, кошумча бөлүтөрдүн жана күйүүчү майдын кору жетиштүү.