Жаңылыктар
Ишкерлердин ишине милиция эч качан кийлигишпеши керек
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлердин ишине милиция эч качан кийлигишпеши керек

Милициянын аймактык тескөөчү кызматкерлерине ишкерчилик кылган субъектилерди текшерип, мыйзам бузган учурлары байкалса аларга чара көрө турган ыйгарым укук берели деген Экономика министрлигинин сунушун, Президент Садыр Жапаров четке кагып, мындайга жол ачылса кесепети оор болорун айтты. Буга карата ишкер чөйрө өкүлдөрү жылуу пикирин айтты. Эгерде экономикага кедергисин тийгизе турган туура эмес демилге көтөрүлчү болсо аны башынан эле жок кылыш керек. Мындай чара өзгөчө азыр, өлкө экономикасы колдоого муктаж болуп турган учурда абдан зарыл деп белгилешүүдө. Ишкер субъектилерин текшерүү укугун эмне үчүн милиция кызматкерлерине бербеш керек?

Мындан бир ай мурда Экономика министрлиги бизнести текшерүү иштерине аймактык милиция кызматкерлери кошо тартылып, ишкер субъектилеринин мыйзам кагаздарын текшерүүгө жардам берсе деген демилгени көтөрүп чыккан. Буга президент каршы экенин билдирип, милиция бизнестин ишине эч качан кийлигишпеши керектигин баса белгиледи. Негизи мындай позиция ишкерлик менен алектенген ар бир адамдын көңүл борборунда турган. 

Аймактык милициянын түйшүгү, аткарган жумушу ансыз деле оор. Экономика менен алектенмек турсун профилактикалык иштерди учурунда аткарганга жетишей жатканы көп эле айтылып келе жатат. Дал ушундай шартта аларга ишкерлерди текшерүү укугу берилсе коомдук коопсуздукту камсыздоо экинчи планга калып, башкы максаты кылдан кыйкым таап акча өндүрмөй болуп кетиши мүмкүн дешет.

Ишкерлерге тоскоол болгон текшерүүлөр азайып андан көрө ишти илгерилете турган реалдуу кадамдар жасалсын. Өкмөт колдойм деген сөздөрү кагазда эле калбай конкреттүү шарттарды түзсүн деген талаптар, прзиденттик администрациядан балган кызматкрлер аймактардагы ишкерлер менен жолугушкан учурда дагы көп айтылган.

Мамлекет башчы белгилегендей аймактык милиция кызматкери өзүнүн түздөн-түз милдети - коомдук тартипти коргоп, кылмыштын алдын алган профилактикалык иштерди аткарышы зарыл. Текшерүү иши азайып, мыйзам таза иштеп, андан көрө ишкер инвестиция салганга ишенимдүү шарт түзүлсө экономикага чоң пайда.