Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында алдыдагы жаңы окуу жылына карата планын айтып берди.
Анын маалыматы боюнча окуучулар үчүн окуу планы төмөндөгүдөй болот:
I чейрек – 15-сентябрдан башталып, окуу процесси 5-ноябрга чейин уланат.
II чейрек – 15-ноябрдан 31-декабрга чейин созулат.
III чейрек – 11-январдан башталып 18-мартта бүтөт.
IV чейрек – 28-марттан 8-июнга чейин.
Бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо 9-июнда өтөт. 9 жана 11-класстар үчүн мамлекеттик экзамендер 10-июндан 1-июлга чейин созулат. 9-класстарга күбөлүк берүү 11-июлга, ал эми 11-класстарга аттестат берүү 15-июлга пландалган.