Жаңылыктар
"Кумтөр" долбоору боюнча Сооронбай Жээнбеков сурак берди - УКМК
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" долбоору боюнча Сооронбай Жээнбеков сурак берди - УКМК

Өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр" долбоору боюнча сурак берди, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, "Кумтөр" долбоору боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу 2017-жылы долбоор боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады. 

Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017-жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков күбө катары суракка чакырылды. 

"Тергөөнүн жыйынтыгында күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулардын аракеттерине, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан, объективдүү юридикалык баа берилмекчи", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.