Жаңылыктар
УКМК: "Унаа" мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: "Унаа" мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды

"Унаа" мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" жол көзөмөлдөө пунктунун кире беришинде 15 жеңил автоунаа менен 2 оор жүк ташуучу унаалар токтотулган. Текшере келгенде булар үчүн транспорт каражаттарынын каттоо күбөлүктөрү, 2021-жылы эки айдын ичинде Чүй облусундагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү тарабынан мурунтан эле берилген.

Ошол эле учурда, алардын кээ бирлеринин кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес. Учурда бул ишке тийешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Юстиция министрлигинин алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти дагы аныкталган коррупциялык схемага аралашкан.