Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын август айынан 2021-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын жойгон 9 миң 452 субъекттен 573,4 млн сом туум, санкция жана айыптарын эсептен чыгарды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда, салык карызынын негизги суммасын жойгон 6 миң 605 салык төлөөчүдөн 438,5 млн сом суммадагы туум, санкция жана айыптары эсептен чыгарылды. Анын ичинен салык боюнча туум - 399,1 млн сом, салык санкциясы – 39,3 млн сом. Субъекттер 424,2 млн сом өлчөмүндө салык карызынын негизги суммасын бюджетке төлөшкөн.
Ошондой эле, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын жойгон 2847 субъекттен 134,8 млн сом суммадагы туум, санкция жана айыптары эсептен чыгарылды. 250,3 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы бюджетке төлөнгөн.
Белгилей кетсек, төлөөчүлөр КР 2020-жылдын 14-августундагы “Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциясы, айыптар боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөө менен эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.
Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-июлуна чейин пайда болгон салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөөгө жетишкен жарандардан жана төлөөчүлөрдөн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга эсептен чыгарылат.
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө арыз менен салык төлөөчүлөр катталган жери боюнча салык органына кайрыла алышат.