Жаңылыктар
Улуттук банк эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарат
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. 

Алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон, жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу «100 С» көрсөтүлгөн. «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» деген жазуу монетаны тегерете түшүрүлгөн. Арткы бетинде улуттук оюулар менен шырдактын – кийиз килемдин сүрөтү бар. Чок ортосунда Кыргызстандын гербин көрүүгө болот. 

Күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, региондор аралык жана аймактык биримдиктин символу катары гүлдүн жети желекчеси түрүндө берилген жана «30 жыл» жазуусу менен бириктирилген Кыргызстандын ар бир регионунун географиялык картасынын сүрөтү саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси жана монетанын салмагы оң жагында монетанын номиналы чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда өлкөнүн желегинин элесин билдирген, улуттук оюулар жана күндүн нурлары менен курчалган герб түшүрүлгөн. 

Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.