Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Жошыбаевди кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Жошыбаевди кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Эки тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара чөйрөсүндөгү кыргыз-казак мамилесинин учурдагы жана актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты. 

Мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашты. Казакбаев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, коронавирустук пандемиянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. 

Бул багытта, Казакстандын элчиси казак тарап быйылкы жылы 1000 тонна күздүк буудайдын түшүмдүү үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын маалымдады. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча тараптар Ишкер кеңешти активдештирүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү тездетүү, ошондой эле товарлардын транзити боюнча пикир алмашышты.