Жаңылыктар
Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышы болду

Кыргызстан менен Россиянын эриш- аркак жылынын алкагында, Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Россия Федерациясынын маданият күндөрүнүн расмий ачылышы болду. 

Салтанаттуу иш-чараны Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилова жана өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып берди. Орус элинин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталган иш-чарага орус делегациясы жана маданият айдыңынан чакырылган коноктор катышты. Анда Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашеванын фольклордук топторунун аткаруусундагы "Фольклор - Россиянын жаны" аталышындагы концерт тартууланды. 

Ошондой эле, филармониянынын фойесинде көркөм кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулду. Ал эми 13-Августта Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү жыйыны болот.