Жаңылыктар
Бишкектеги абак жайлары шаардын сыртына чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги абак жайлары шаардын сыртына чыгарылат

Бишкектеги абак жайлары шаардын сыртына чыгарылат. Бул борбор калаанын коопсуздугу үчүн кабыл алынган чечим. Жазаларды аткаруу кызматы аны ишке ашырууга камылга көрүлүп жатканын кабарлады. Мекеме мындан сырткары кызматкерлердин социалдык абалы жакшыртылаарын билдирүүдө. Жазаларды аткаруу кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада мекемеде жүрүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилип, айрым кызматкерлерге сыйлыктар ыйгарылды.