Жаңылыктар
Райондордун акимдери үчүн кызматтык унааларга жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө
Кыргызстан жаңылыктары
Райондордун акимдери үчүн кызматтык унааларга жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер боюнча Президенттин иш башкармалыгы түшүндүрмө берди. 

Бул автоунааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө. 

Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурда сатылып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткенине көп жыл болду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда.

Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды. 

Буга чейин Президенттин "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" Жарлыгына ылайык, облустарда акимдерди масштабдуу ротациялоо иши жүргүзүлгөн. 

Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу иштери кайра дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө карай багытталган,- деп айтылат маалыматта.