Кытай ушул жылдын аягына чейин коронавируска каршы күрөшүү үчүн дүйнө жүзүнө 2 миллиард доза вакцина жана Covax программасынын алкагында 100 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзинь Пин билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Си Цзинь Пин бөлүнгөн каражат өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавирус вакциналарын бөлүштүрүүгө жумшалаарын билдирген. "Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө аталган илдетти жеңүү үчүн болгон аракети менен жардам берет" деп кабарлаган президент.
Белгилей кетсек, ушул жылдын башында Кытай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талабы менен жаңыдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вируска каршы 10 миллион доза вакцина тараткан. Кытайда коронавируска каршы Sinopharм, Sinovaс өңдүү төрт вакцина өндүрүлөт.