Жаңылыктар
Өлкөнүн илим жана техника жаатында эмгектенген 9 кызматкери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн илим жана техника жаатында эмгектенген 9 кызматкери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн илим жана техника жаатында эмгектенген 9 кызматкерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. 

Алар “Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары” жана “Заманбап илимий дүйнө таануу маданиятын түзүү, өнүктүрүү теориясы” темасындагы илимий иштерди жасашкан. Президент бул изилдөөлөр илимий тармакта көйгөйлүү маселелерди чечүү менен бирге коомго керектүү жардамын көрсөтөт деген ишеничте. Мамлекет башчы аларды “Илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” наамдары менен куттуктап, илимдеги ийгиликтер өзүнөн-өзү жаралбашына токтолду. Айтымында эмгек менен ийгилик бирин-бири коштогон учурда гана ачылыштарга жана табылгаларга жол ачылат. 

Албетте, илимий ачылыштар өндүрүшкө киргизилип, коомчулукка пайда алып келип, илимий-техникалык өнүгүүлөр токтолбой өнүгүп турушу зарыл. Белгилүү болгондой, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү илимий изилдөөлөргө, заманбап технологияларга жана инновациялык ыкмаларга таянат. Бирок илимдин жаңы табылгалары мамлекеттик башкарууда көңүлгө алынбай, ар бири өз алдынча иш жүргүзүп калганын белгиледи Садыр Жапаров.

«Хирургиялык эндокринология көйгөйлөрү» илимий эмгеги үчүн төмөнкү окумуштуулардын тобу сыйланды: 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Шамил Чынгышпаев; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Нелли Ахунбаева; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Хаки Бебезов; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты Сталбек Ахунбаев; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин Академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Алмаз Шаназаров; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору Арсен Айдаралиев; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты Айтбай Казакбаев; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Орозали Кочоров. 

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор Исабек Ашимов «Заманбап илимий дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы» эмгеги үчүн сыйланды.