Сирияда жүргөн кыргызстандыктар алып келинет. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Өлкө коопсуздугу талкууланган атайын жыйында ал Сирияда 700дөй кыргызстандыктар жүргөнүн, алардын көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар экенин белгиледи. Иманкулов аларды алып келүүгө камылга көрүлүп жатканын, бирок ал качан ишке ашаары белгисиз экенин айтты.
Он жылдан ашуун убакытка созулган Сириядагы согушка кыргызстандыктар идеологиялык чакырыктардан улам же алданып барып калышкан.