Жаңылыктар
Лейлек районунда Тажикстан тараптан атылган ок оорукананын айнегин тешип өттү - Чек ара кызматы
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлек районунда Тажикстан тараптан атылган ок оорукананын айнегин тешип өттү - Чек ара кызматы

Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан тараптан атылган ок оорукананын айнегин тешип өткөн. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди. 

Маалыматка ылайык, 11-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылганы угулган. Ок Интернационал айылындагы аймактык оорукананын имаратынын экинчи кабатындагы терезени тешип өткөн. Ал жерден 5,45 мм калибриндеги АК-74 автоматынын огу табылган. 

"Октон жаракат алгандар жана жабыркагандар жок. Учурда компетенттүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтешүүдө",- деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, тажик тарап Интернационал айылына чектеш жайгашкан өздүк курамдын курал-жарагын текшерүүдөн өткөрөөрүн маалымдаган. Саат 17:00до Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тажик тарап өткөргөн текшерүүнүн жыйынтыгында Тажикстандын чек арачылары курал колдонушпагандыгын билдиришти. 

Ошону менен бирге ок кокусунан атылган болушу мүмкүн экендигин Тажикстандын чек ара өкүлү маалымдаган. Жолугушуунун катышуучулары ар бир тарап окуянын чоо-жайын өз алдынча иликтөөгө алуу чечимин кабыл алышты. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу.