Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты жергесинде 29 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арадан 500 метр аралыкта чек арачылар жана УКМК кызматкерлери эки жүк ташуучу унаа кыргыз номерлүү унаадан тажик номурлуу унаага көмүр жүктөп жатканын байкашкан. Чек ара кызматкерлери окуя болгон жерге келишкенде алар качып кетишкен. Кыргызстандын бир жараны – Кулунду айылдык аймагынын жашоочусу жана эки унаа кармалган.
Тажикстандын номери тагылган унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык болгон. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жаран, жүк жана унаалар андан ары териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.