Кыргызстанда 417 адамдан коронавирус табылып, алты бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 201, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 83, Ош облусунда –13, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда – 27 адамдан илдет табылды.
Ал эми бир суткада 743 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 382 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 770 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 160 миң 749 киши айыгып чыкса, 2 миң 426 адам каза болду.