Ноокен районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 530-чакырымында "MAZDA" жана "НOWO" унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган Д. Э. аттуу эркек адам каза болгон. Жерине №55 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.