Жаңылыктар
Коомдук ишмер Аскар Салымбековго Бразилиянын мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук ишмер Аскар Салымбековго Бразилиянын мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды

Коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбековго Бразилиянын Рио-Бранко ордени ыйгарылды. Ага сыйлыкты Бразилиянын Кыргызстандагы элчиси Антонио Корреа Барбоза тапшырды. 

Сыйлыкты ыйгарууда коомдук ишмердин эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык, маданий-гуманитардык жана спорт тармагындагы кызматташтыгына кошкон салымы эске алынган. Бразилиянын бул мамлекеттик сыйлыгы буга чейин легендарлуу футболчу Пеле, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавелге да ыйгарылган.

"Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы кызматташтыкка отуз жыл болду. Бул ордендин жарым кылымдан ашык тарыхы бар Бразилиянын дипломатиялык жана мамлекеттик кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салым кошкон инсандар сыйланат. Мындай сыйлыкты Аскар Салымбековго тапшырып жатканыма кубанычтамын!", - Бразилиянын Кыргызстандагы элчиси Антонио Корреа Барбоза.

“2017-жылы президенттин указы чыккан Темир сыйлаптыр, саясий окууялар болуп пандемия болуп кетип 2021 - жылы тапшырып атышат. Бразилия менен болгон алакабызды баардык тараптан ишке ашыра беребиз. Чыңдайбыз бири бирибизди тааныганга кыргыз эли Бразилияны бразилия элин Кыргызстанды таанытабыз. Буюрса пландар бар”,- деди коомдук ишмер Аскар Салымбеков.