Жаңылыктар
Бишкекте ак илбирсти коргоого көңүл буруу багытында марафон жарышы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ак илбирсти коргоого көңүл буруу багытында марафон жарышы өтөт

26-сентябрда Бишкекте ак илбирсти жана анын экологиялык системасын коргоо маселесине көңүл буруу багытында марафон жарышы болот. Коргоо программасынын алкагында уюштурулуп жаткан мелдешке бардык каалоочулар катышса болот. Кызыл китепке кирген өзгөчө жаныбарды коргоо долбоорун Кыргызстан да колдоого алган.

"Мындай жарыштарды жыл сайын өткөрөбүз. Бул 2-жарыш деп айтсак болот. 2021-жылдын жарышын кандайча өтөөрүн айтабыз. Бүгүнкү күндө 1000ге жакын адам катталды. Негизи 6000 миңге чейин адам келет деген тилектебиз",- деди коомдук ассоциациянын төрагасы Арслан Малдыбаев.

"Негизи фотокапкандарды Ала-Тоо кыркаларына орноштуруп, био маалыматты топтоо, илбирстин санын билүү максатында. Мониторинг 2023 - жылга чейин система илимий далилдениши керек. Жалпы программа жасалма интеллект барын сүрөткө тартып, ар кайсы жаныбардын өзгөчөлүгүн бөлүп чыгат", - деди Илбирсти жана анын экологиялык системасын сактоо боюнча катчылыктын жетекчиси Чыңгыз Кочоров.