Жаңылыктар
Мамлекеттик мекемелерди оптималдаштыруу жана киреше булагын арттыруу зарылчылыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик мекемелерди оптималдаштыруу жана киреше булагын арттыруу зарылчылыгы белгиленди

Мамлекеттин карамагындагы имараттарды туура багытта колдонуп алардан түшкөн киреше булагын арттыруу зарыл. Бул тууралуу коррупцияга каршы күрөшүү уюмунун кеңешмесинде корпоративдик мүлктү башкаруу багытында өткөн ачык талкууда айтылды. 

Андагы имараттарды керектүү нукта колдонуу жана зарыл болгон учурда акционердик коом кылып өзгөртүү боюнча эксперттер ачык айтып бир топ сунуштарды беришти. Эми бир жуманын ичинде бүгүнкү айтылган сунуш-пикирлер менен чечим кабыл алынат. Максат бул мамлекеттин карамагындагы мекемелерди туурал колдонуу жана алардын киреше булагын арттыруу болуп саналат. 

Көз карандысыз директорлор кеңешин киргизүү жана анын милдеттерин күчөтүү маселеси да каралды. Бул тармакта бир эле жылда 3,5 млрд ашык киреше түшкөн. Анын баарын жөнгө салып, дагы да киреше булагын арттырууга мүмкүнчүлүктөр бар.