Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бир катар өлкө элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров бир катар өлкө элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 8 өлкөнүн Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды. 

Өлкө башчы Вьетнам, Египет, Шри- Ланка, Бразилия, Австрия, Исландия, Камбоджа Королдугу жана Уганда мамлекеттеринин элчилеринин алдында саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий -гуманитардык кызматташууну тереңдетүү сыяктуу маанилүү милдет турарын белгиледи. 

Ошол эле учурда, жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүктөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. Ал эми, жаңы кызматка киришкен элчилер өздөрүндөгү тажрыйбаларды колдонуп, бардык тармактарда кызматташтыкты арттырууга бүт күч-аракеттерин жумшарын билдиришти. 

Белгилүү болгондой элчилер - мамлекеттер географиялык жактан алыс же коңшу болобу мамилени арттырууга салым кошчу инсандар. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтык дал ушул кызматкерлердин ишмердигине жараша болот.