Жаңылыктар
Асылбек Жээнбеков абакта калтырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Асылбек Жээнбеков абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго карата баш коргоо чарасын өзгөртпөй, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат. 

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакка алынган. УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.