Кыргызстандын тышкы иштер министри бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним баракчаларын кабыл алды. Алар Вьетнам Социалисттик Республикасынын элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань.
Казакбаев элчини Кыргызстанга элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Ал жаңы элчи кыргыз-вьетнам мамилелерин өнүктүрүүгө жана андан ары активдештирүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду активдештирүү, эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну, соода-экономикалык байланыштарды жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү боюнча эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин жаңы баскычка, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу аркылуу көтөрүүнүн мындан аркы пландарын белгилешти. Ошондой эле министр Казакбаев Камбоджа Королдугунун элчиси Мис Ким Хенгдин Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ар кайсы тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү, укуктук базаны кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Эл аралык аренада, БУУнун алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты. Өз кезегинде министр Казакбаев Камбоджанын элчисине кайрылып, 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Жолугушуунун аягында КР ТИМ башчысы Казакбаев Камбоджанын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Прак Сокхонду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Андан тышкары, Кыргызстандын тышкы саясий мекеменин башчысы Руслан Казакбаев Нур-Султан шаарында жайгашуусу менен Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манал Эльсайед Ехия Эльшиннавинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Маектешүүнүн жүрүшүндө Казакбаев Египеттин элин Хижрий күнү менен куттуктады жана Кыргызстан Египет Араб Республикасы менен өз ара кызматташуунун ар кандай чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтула тургандыгын билдирди.