Жаңылыктар
Мыйзамдарды инвентаризациялоонун жүрүшү талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамдарды инвентаризациялоонун жүрүшү талкууланды

Бири-бирине карама каршы келген мыйзамдар оңдолуп, иштебеген мыйзамдар күчүн жоготту деп табылат. Атайын мекемелер аралык жумушчу топтун отурумунда мыйзамдарды инвентаризациялоонун жүрүшү талкууланды. Бардык кодекс, мыйзамдар экспертизадан өтүп жатат. Укук коргоо багытындагы документтерди Ички иштер министрлиги жетектеген топ карап чыгып, Юстиция министрлигинин кароосуна жөнөткөн.

“Негизинен кемчиликтердин көбү техникалык мүнөзгө ээ. Көп мыйзамдар эскирген. Алар учурдагы шартка ылайыкташып өзгөрөт. Аларды сапаттуу кылуу үчүн бардык тараптардын пикирлерин, айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бейөкмөт уюмдардын сунуштарын кабыл алып жатабыз”,- деди Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Элмира Исакова.