Жаңылыктар
“Жаркылдаган жароокер жан эле...” Кесиптешибиз Нурзат Ниязованын жаркын элесине...
Кыргызстан жаңылыктары
“Жаркылдаган жароокер жан эле...” Кесиптешибиз Нурзат Ниязованын жаркын элесине...

КТРК куттуу жер. Канчалаган адистер эмгектенип, ырыскысын ушул жерден таап келет. Ак эмгек менен маңдай тер төгүп, аяр мамиле жасап, иш дегенде ичкен ашын таштагандар четтен чыгат. Мына ушул куттуу жерде ак эмгегигин өтөп, КТРКнын өнүгүшүнө, теле көрсөтүүлөрдүн, радио уктуруулардын интернет аркылуу элге жайылышына өз салымын кошкон мыкты кызматкерлердин бири Нурзат Ниязова эле...

Жаркылдаган жакшы кызматкерибиз, жетекчибиз мындан бир жыл мурда ушул күнү бул жарык дүйнөнү таштап, чын дүйнөгө көчкөн. Капыстан келген оору аны арабыздан алып тынды. Айлабыз жок ажалга жулдуруп, ичибиз ачышып кала бердик...

Ал 2020-жылдын 11-августуна чейин өмүр сүрүп, кырктын кырында турган кезинде кете берди. Арадан бир жыл өтүп, эми минтип кесиптешибизди эскерип олтурабыз.

Ниязова Нурзат Шаабековна, 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

1999-жылы И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин англис тили филологиясы бөлүмүнөн билим алган. 2006-жылы Корпорациянын курамындагы Республикалык радиотелеборборго ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптануу мезгилинен бери эмгектенген.

2015-жылдан тартып, Нурзат Ниязова КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген. Сайттын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, медиа тармагына чыгышына көп эмгек жумшаган.

Ишин сүйгөн мыкты кызматкер оору менен алышып жатса да, жумушунан кабар алып, акыл-насаатын айтып, кызматынан кол үзгөн жок.

Калдайган карааны баарыбызга дем берип, ар бирибизге кылган камкор мамилеси, иштин көзүн таба билгени аны башкалардан өзгөчөлөнтүп турчу. Жаштарга үлгү болуп, өз тажрыйбасынан дайыма бөлүш жүрдү. Анын жетекчилиги алдында бир топ муун өсүп чыкты.

Ар бир ишти кылдат карап, маани берип жасаган мамилеси бир топ ийгилик алып келди. КТРКнын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынын катталуучулары көбөйүп, көрсөтүүлөрдүн көрүмдүүлүгү артты. Ишти өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун издеп, дайыма изденүүнүн үстүндө жүрчү.

“Дарак бир жерден көгөрөт” деген кеп бекеринен айтылбаган. Себеби, Нурзат да жогорку окуу жайын аяктагандан кийин КТРКга кызматка алынып, өмүрүнүн соңуна чейин ушул жерде эмгектенди. Аны тааныгандын баары жакшы адам экенин, эч кимге зыяны жок жан эле деп бир ооздон айтышат.

Спортту сүйүп, сергек жашоо образын жакшы көрчү. Бир канча марафонго катышып, бир топ чакырымдарды артта калтырды.

Асыл адам тууралуу айта берсек сөз бүтпөс. Качан көрбөйлү кабак-кашы ачык, маанайы жарык Нурзат узак жашап, дагы далай иштерди кылат деп үмүттөнчүбүз. Ошол үмүттөр бир күнү жалп өчтү. Арабыздан бөлүнүп, акыреттик дүйнөгө сапар алды.

Нурзат Ниязова эмгек жолун КТРКдан баштап дал ушул жерден карытты. Кол алдындагы кызматкерлерге жаркырап күйгөн, бизди жанындай жакшы көргөн Нурзат эжебиз келбес жакка кеткенине бир жыл болду.

Куттуу жердин имараты, ал отурган кабинет да эми анын үнүн укпайт, жаркын элесин көрбөйт.

Аттиң, дагы жашаса эмне болмок. Апасын, бир туугандарын, сүйүктүү кесиптештерин, уулдарын апасыз таштап кеткен Нурзат Ниязова эми биздин эскерүүлөрдө жазылып, көз алдыбызда жаркын элеси анан албетте жасаган эбегейсиз эмгеги кала берет.

Тирүүлөрдүн күнү уланып, сизсиз бир жыл арабыздан өтүп барат. Бул сиздин жаркын элесиңизге арнаган биздин сөздөн тургузган эстелигибиз болсун! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!