Жаңылыктар
Дары-дармек жеткиликтүү баада сатылсын
Кыргызстан жаңылыктары
Дары-дармек жеткиликтүү баада сатылсын

Жакында өкмөттүн жарык көргөн токтомуна ылайык миңден ашык аталыштагы дары-дармектер өтө кымбат эмес, туруктуу болгон бир баада сатылмай болду. Мындай тизмеге негизинен өнөкөт ооруларды айыктырууда жана коронавирус илдетине чалдыккандардын акыбалын жеңилдетүүдө колдонула турган дарылар кирди. Адистердин айтымында мындай эреже биринчиден дары-дармектер ар кайсы жерде ар кандай баада сатылган чаржайыт эрежени жөнгө салса, экинчиден элге керектүү дарысын туруктуу баа менен сатып алганга шарт түзөт.