Өлкөдө күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүлүүдө. Бишкек жылуулук электр борборунун жабдыктары оңдолуп, кампага көмүр түшүрүлүүдө. Кышка карата даярдыктардын көрүлүшү боюнча Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев атайын көчмө жыйын өткөрүп, Бишкек ЖЭБдеги көрүлүп жаткан даярдыктар менен жеринде таанышты.