Ислам өнүктүрүү жана Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланган «Баткен жана Талас облустарынын айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Баткен облусунун 44 айылында таза суу тутумдары курулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Достукбек Ободоев билдирди.
Айтымында, 44 айылга - Лейлек району боюнча 10 айыл, Баткен району боюнча 5 айыл, Кадамжай району боюнча 29 айыл кирген. «Азыркы учурда аталган айылдардын долбоордук сметалык иш кагаздары иштелип жатат»,-деди ал. Ошондой эле Максат айылында жалпы суммасы 12,8 млн сомду түзгөн курулуш монтаждоо жумуштары Баткен облусу боюнча түзүлгөн атайын эсептин каражатынан башталып, активдүү фазасында жүрүп жатканын билдирди. Ободоев республикалык бюджеттин эсебинен «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу Лейлек районунун Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы-Турмуш айылдарында долбоордук сметалык кагаздары бүткөрүү этабында туганын белгиледи.
«Ал эми Маргун, Арка-1, Арка-2 айылдарында долбоордук сметалык иш-кагаздарын жаңыдан даярдоо иштери башталды, мындан сырткары Баткен районунун Кайыңды, Кан жана Сары-Талаа айылдарында долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жумуштары жүрүп жатат», - деди департаменттин директору.
Мындан тышкары, ал белгилегендей Лейлек районунун Кулунду, Саада, Интернационал, Ак-Арык жана Раззаков айылдарында курулуш жумуштары боюнча мамлекеттик сатып алуу порталына жарыялоого даярдыктар август айында каралууда.