Кытайда 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Нарын облусунда да сезилди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-августта саат 16:51де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Сай, Кок-Айгыр айылдарында 3 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.