Жаңылыктар
Кыргызстан менен Украинанын экономикалык кызматташтыгы боюнча комиссиянын жыйыны өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Украинанын экономикалык кызматташтыгы боюнча комиссиянын жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Украинанын экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынын быйыл өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. 

Мекеменин маалыматына караганда, комиссиянын жыйынын утурлай эки өлкөнүн башкы дипломаттарынын орун басарларынын быйылкы жылдагы алгачкы отуруму өтөөрү министр Руслан Казакбаевдин Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушуусунда айтылды. 

Анда ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды. Украинадан Кыргызстанда негизинен азык-түлүк эскпорттолот. Кыргызстан да, Украина да мурда СССРдин мүчөсү болгон.