Жаңылыктар
Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист изделүүдө

Кыргызстандын Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист: Мехри Жафари жана Реза Адинени издөө иштери уланып жатат. Тышкы иштер министрлиги туристтерди издөөгө куткаруучулар жана тик учактар тартылганын, издөө 6-августтан тарта жүрүп жатканын кабарлады. 

Азырынча иш натыйжасыз. Мехри Жафаринин "Фейсбуктагы" баракчасында анын туугандары 8-августтан тарта "Мехрини табууга жардам бериңиздер" деген кайрымдуулук акциясын баштады. 2008-жылы Жафари Хан-Тенгри чокусуна чыккан биринчи аял альпинист болгон. Анын теги ирандык, Лондондо билим алып, Британияда жашайт.