Акыркы бир түндө 24 миң 922 киши коронавируска каршы эмделди. Ал эми эмдөө компаниясы башталгандан бери вакцина алгандардардын саны 736 миңден ашты.
Жай айынын аягына чейин бир миллион адам эмделиши күтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинын планына ылайык, жыл аягына чейин калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, жамааттык иммунитет пайда болот. Адистердин айтымында, эл аралык тажрыйбага таянуу менен, эмдөөдөн кийин айрым адамдарда терс көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн. Антителолор тромбоцит клеткаларынын кабыкчаларындагы белокторго чырмалышып, кандын коюлануусуна алып келет. Бирок ага карабастан эмдөөнүн организмге тийгизген пайдасы жогору турат.
“Бүгүнкү күндө SARS-CoV-2 вирусуна каршы спецификалык антивирустук дары дүйнө жүзүндө жок болгондуктан, COVID-19 оорусунан коргоонунун жападан жалгыз чарасы калкты эмдөө болуп эсептелет. Азыркы күндө АКШ, Улуу Британия, Германия, Израиль сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин калкынын 70%дан ашыгы эмдөөдөн өтүштү, бул коллективдүү иммунитеттин пайда болушун негиздейт”, - деди Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм башчысы Ормонбек Жакыпбаев.