Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда адам барымтага алынды деген маалымат калп болуп чыккан.
"Ушул тапта УКМКнын кызматкерлери милиция менен чогуу бул маалыматты жиберген жаранды аныктоо аракетин көрүшүүдө. Атайын кызматтарды жалган маалымат менен чакыруу административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат",- деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетсек, 9-августта борбордогу "Айчүрөк" дүкөнүндө колунда баштыгы бар кара кийимчен шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Дүкөнгө оперативдүү-тергөө тобу, милиция кызматкерлери, кайгуул-күзөт кызматынын экипажы жана Бишкек шаардык ИИБ менен Свердлов райондук ИИБнын жетекчилик курамы барган.
Милициядан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери да иш алып барган. Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында соода борборундагы адамдар эвакуацияланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ичинде адамды барымтага алуу сыяктуу окуя болгонун жазып чыгышкан.