Жаңылыктар
Жыл башынан бери санитардык эрежелерди сактабагандарга 6 млн 600 миң сом айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери санитардык эрежелерди сактабагандарга 6 млн 600 миң сом айып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы жыл башынан бери 6 млн 600 миң сом айып салды. Аталган кызмат тарабынан күн сайын шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. 

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектин Пржевальск көчөсүндө жер иштерин алып барууда бузуу фактысы катталган. Жолдордогу өндүрүш талаптар тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн жаранга «Бузуулар» кодексинин негизинде 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган. 

"Өз кезегинде, санитардык-экологиялык инспекция тарабынан санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жыл башынан бери 6 млн 605 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.