Үстүбүздөгү жылдын 5-августунан 11-августуна чейин ӨКМ тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагындагы бийик тоолуу көлдөрдүн абалына изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Токтогул районунун аймагындагы Кара-Суу, Капка-Таш көлдөрү, Аксы районунун аймагындагы Кара-Камыш, Сары-Челек көлдөрүнө изилдөө иштери жүргүзүлүп, көлдөрдүн абалы туруктуу экендиги аныкталды. Ала-Бука районунун аймагындагы Көк-Ала көлү, Ноокен районунун аймагындагы Кутман-Көл бийик тоолуу көлдөрү да изилденилет.
Көлдөрдүн абалына изилдөө иштери Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан жүргүзүлүүдө.