Жаңылыктар
Жалал-Абад: Кемпир-Абад каналына чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: Кемпир-Абад каналына чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналынан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. 

Жалал-Абад шаарынын тургуну 2006-жылы туулган Д.М сууга чөгүп, анын жансыз денеси көпүрөнүн астынан табылганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, өспүрүмдүн денеси туугандарына өткөрүлүп берилген.