Жаңылыктар
Өткөн жумада Бишкек шаарында 4 миң 227 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн жумада Бишкек шаарында 4 миң 227 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

30-июлдан 5-августка чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 227 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. 

Милициянын кайгуул кызматнан кабарлашкандай, алардын ичинен 67 айдоочу мас абалында авто унаа башкарып бара жатып кармалды. 14 айдоочу автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып алган, 89 киши айдоочулук күбөлүгү жок авто унаа башкарса, 1айдоочу автоээнбаштык кылып, 2 айдоочу жасалма номур менен авто унаа башкарып бара жатып кармалган. Башка жол эрежелерин бузуулардын саны - 4 миң 54кө жеткен.

Эреже бузган 299 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.