Жаңылыктар
Кара-Суу районунда социалдык шаарчанын курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суу районунда социалдык шаарчанын курулушу башталды

Кара-Суу районунда 152 үй-бүлө үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 7-августта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эшме айылында жесир жана көп балалуу жалгыз бой энелер үчүн салына турган жаңы социалдык шаарчанын курулушуна капсула салуу аземи өттү. Кувейт өлкөсүнүн коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып жаткан социалдык шаарчага 4 батирлүү 25 үй, ФАП, тигүү цехи, дүкөн, футбол аянтчасы, нан жабуучу жай жана мечит курулат. Аталган шаарча 2022-жылдын май айында пайдаланууга берилмекчи.