Кыргызстандык Эльдос Жетигенов студенттер арасындагы эл аралык математикалык олимпиадада алтын медаль утту. Бул туурасында олимпиаданын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматта берилгендей олимпиада онлайн режимде 2-августтан 7-августка чейин өткөрүлдү. Эльдос Жетигенов азыркы учурда Голландияда University of Groningen аттуу жогорку окуу жайынын студенти. Олимпиадага бүткүл дүйнөдөн 600гө жакын студент катышкан жана олимпиаданын 2-күнүндөгү тапшырманы Эльдос гана чыгара алган.
Белгилүү болгондой Эльдос Жетигенов окуучу кезинде Балканда өткөн математикалык олимпиадада коло медальдын ээси болгон.