Бишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, көзөмөл органы курулуш ишканасынын арызы боюнча Бишкектин прокуратурасын текшерүүгө алган. Натыйжада бир катар кызмат адамдары ишкерлик субъектилеринин ишине мыйзамсыз кийлишүү жана мыйзамсыз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактылары боюнча жоопкерчиликке тартылган.
Ал эми шаар прокурору Марсбек Кыдыкбаев кызматынан алынды. Кыдыкбаев Бишкек шаарынын прокурору кызматына ушул жылдын февраль айында келген. Ага чейин Токмок шаардык көзөмөл органын жетектеген.