Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова журналист Асланбек Сартбаевди трайбализм үчүн жазалоо керектигин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазган.
Айтымында, медиа өкүлү учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашовдун жыйын өткөргөн сүрөтүнө региондор аралык кастыкты козутуучу пост жазган. Белгилей кетсек, Сарыбашов буга чейинки Ош шаарынын мэри болчу.