Жаңылыктар
Лейлекте дагы сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлекте дагы сел жүрдү

Лейлекте дагы сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 6-август күнү саат 16:20 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында жайгашкан 10 турак үйдүн ичине суу кирип, 20 үйдүн короолорун каптаган, ички жолдорду жана арыктарды кум-шагылга толтурган. 

Катраң айыл аймагынын Катраң айылында 17 турак үйдүн ичине суу кирип, 23 турак үйдүн огороддорун каптаган, Тогуз-Булак айыл аймагынын Миң-Жыгач айылында 2,5 чакырым ички чарбалык унаа жолду жана 2,5 чакырым арыкка кум-шагыл толуп калган. 

Мындан сырткары, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 317-322-чакырымын суу каптаган. Жерине 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Тазалоо жумуштары бүгүн улантылат.