«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу бүгүн, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Сартбаев Жазык кодексинин 313-беренесинин (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелүүдө. «Сартбаев тарабынан интернетке жарыяланган билдирүүдө региондор ортосундагы кастыкты козутуу белгилери бар же жок экенин аныктоо боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, журналист Асланбек Сартбаеав 6-августта өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун жыйын өткөргөн сүрөтүнө региондор аралык кастыкты козутуучу пост жазган. Социалдык тармактын колдонуучулары журналисттин бул аракетине укуктук баа берилиши керектигин талап кылышууда.