“Кыргыз жараны” концепциясы элдин биримдигин бекемдеп, маданий ар түрдүүлүктү сактоого да багыт алат. Концепцияны ишке ашыруу боюнча түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топ бир катар мамлекеттик органдар аткара турган иш-чаралардын планын даярдоодо. Улутуна, динине карабай өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган муунду калыптандыруу негизги максат катары каралып жатат.
Ар улуттун маданиятын сактап калууга көмөк көрсөтүп, ошол эле учурда жалпы элди бир туунун алдында бириктирүүнү максат кылган “Кыргыз жараны” концепциясы былтыр ноябрь айында кабыл алынган. Эми аны ишке ашыруунун планы иштелип чыгууда. 2026-жылга чейин улуттардын биримдигин бекемдей турган ондогон иш-чаралар өткөрүлөт.
Концепция буга чейин жер-жерлерде талкууланып, элеттеги элдин пикирлери эске алынган.
Атайын түзүлгөн жумушчу топ “Кыргыз жараны кандай болушу керек” деген суроого жооп издеп жатат. Бул сөз улуту кыргыз адамга гана таандык эмес. Өлкөнүн атуулдары этникалык ар түрдүүлүгүнө карабай “кыргыз жараны” катары саналат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүп, бирок ошол эле учурда башка улуттун да маданиятын сактап калууга көмөк көрсөтүлөт. Мекемелер аралык жумушчу топко эл аралык уюмдар, көз карандысыз адистер көмөктөшүп жатышат.
Толеранттуу, ынтымагы бекем, бир максатты көздөгөн коомду курууда аз эмес аракет талап кылынат. Жумушчу топ эл арасында аткарыла турган иш-чараларды жана мамлекеттик органдарга тиешелүү боло турган милдеттерди даярдап, аны долбоорго камтуунун камын көрүп жатат.